Теке 27, 2024
Убакыт: 08:37
USD
EUR
RUB

Nestle компаниясы Кыргызстанда иштөө мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат

07.09.2023 09:59
853
Nestle компаниясы Кыргызстанда иштөө мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат


«Мен менен дүйнөдөгү эң ири тамак-аш өндүрүүчү Швейцариянын трансулуттук корпорациясы Nestle’нин өкүлдөрү менен кызыктуу жолугушуу өткөрдүм», - деп билдирди Улуттук инвестициялык агенттиктин жетекчисинин орун басары Нурадил Баясов Facebook баракчасында.


Анын айтымында, тараптар инвестициялык климатты жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңири талкуулашты. Өндүрүш чынжырына катыша турган 200дөн ашык ата мекендик экспорттук компаниялардын тизмеси келтирилген.


«Биз өлкөбүздүн географиялык жайгашуусун, келечекте локализацияланганда башка өлкөлөрдөгү шарттардан жакшы айырмаланып, долбоордун тез өсүшүнө жана өнүгүшүнө шарт түзө турган артыкчылыктарды жана преференцияларды карап чыктык», - деди Нурадил Баясов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн