Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:33
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Никитенко: "Аялдардын маршындагы чагымчылардын жана милициянын аракеттерине укуктук баа берилбей жатат"

12.03.2020 11:11
1006
Никитенко: "Аялдардын маршындагы чагымчылардын жана милициянын аракеттерине укуктук баа берилбей жатат"


Аялдардын укугун, эркиндигин колдоо боюнча уюштурулган митингдин чагымчыларына укуктук баа берилбей жатат. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, 8-мартта өткөн Аялдардын тилектештик маршында айымдардын укугуна, эркиндиге доо кетирген чагымчылар, беткапчандар жана милиция кызматкерлеринин аракеттерине баа берилбей жатат.


"Азыр биз дүйнөлүк коронавирустан сактанышыбыз керек, бул ооруу пандемияга айланды деп коркуп жатабыз. Азыр биздин коомчулукта негатив жаратып жаткан ички вирустан сактансак. Аялдарды басмырлаган айрым күчтөрдүн коркунучтуу аракеттери чочулатып жатат. Ошондон корксок", - деди ал.


Депутат ошондой эле, аялдарга басым көрсөткөн беткапчандар ким экенин аныктап, аларга чара көрүү, жоопкерчиликке тартуу жана милиция кызматкерлеринин ишине тиешелүү баа берүүнү өкмөттөн суранды.   


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн