Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 09:37
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ноокат шаарынын мэри жана мурдагы спикери кармалды

14.10.2021 11:55
1479
Ноокат шаарынын мэри жана мурдагы спикери кармалды


УКМК Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Ноокат шаардык мэриясынын жооптуу адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 


Такталган боюнча, 2017-жылдан 2021-жылдын июнь айына чейинки аралыкта, Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары,  кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, бюджетке 15 043 720 сом  өлчөмүндө зыян келтиришкендиги аныкталган.     


2021-жылдын 13-октябрында КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ноокат шаарынын мэри “Н.Ж.А.” жана мурдагы спикер, азыркы учурда Ноокат  шаардык кеңешинин депутаты “Г.А.М.” кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Азыркы учурда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Асан
Камап атып салыш керек биздин акчабызды бербей койгон иштетип