Бугу 03, 2024
Убакыт: 00:27
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Ноокатка соода-логистикалык борбор куруу пландалууда

07.03.2024 13:51
163
Ноокатка соода-логистикалык борбор куруу пландалууда


Ош облусунун Ноокат районунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында соода-логистикалык борбор курулмакчы. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан кабарлашты.


Билдирмеге караганда, жаңы салына турган борбордо соода-оюн-зоок комплекси, мейманкана, тиричилик буюмдарын, курулуш материалдарын, кийим-кече жана башка товарларды саткан жайлар, кайра иштетүүчү цехтер, кампа, унаа токтотуучу жай жана башкалар болмокчу.


Долбоорду ишке ашыруу үчүн 2 миллиард сомдон ашык инвестиция тартуу пландалып жатканы белгиленди. Бирок убактысы так көрсөтүлгөн эмес. Соода-логистикалык борбор иштеп калса 4 миңден ашык жумушчу орун пайда болору кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн