Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 21:07
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ноокатта талапкер 30 тонна цемент аркылуу добуш сатып алууга шектелүүдө

25.11.2021 16:28
741
Ноокатта талапкер 30 тонна цемент аркылуу добуш сатып алууга шектелүүдө

Оштун Ноокат районунда шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-ноябрда Жогорку Кеңешке бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Ноокат районунун Дөң-Кыштак айылынын жашоочулары менен өзүнүн үгүтчүлөрүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрүп жатып, айыл жашоочуларына таза суу жана жолдорду оңдоо үчүн жардам берүүнү убадалап жолугушууну аяктап кеткен.

Андан кийин депутаттыкка талапкердин Жаңы-Ноокат айыл аймагы боюнча штаб башчысы Г.Х. менен шайлоо участкасынын төрагасы Н.Ф. өз ара сүйлөшүп, добуш сатып алуу максатында депутаттыкка талапкердин атынан Араван районунда жайгашкан “Синжи-Прим” цемент заводунун айдоочусу С.Н. “СТЕЙР-sx4254BP 294” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаасы менен 149 миң 500 сомдук 30 тонна цементти ошол эле күнү саат 22:00 чамасында Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургуну 57 жаштагы А.Ш.нын Жаңы-Ноокат айылынын борборунда жайгашкан курулуш материалдарын сатуучу дүкөнүнүн кампасына алып келишкен.

30 тонна цемент Г.Х. менен Н.Ф. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Тескей жеринин жашоочуларына айылдын жолун оңдотууга депутаттыка талапкер тарабынан цемент жиберилгендигин айтып чакырышып, Ш.А.нын кампасына цементти айылдын жашоочуларынын катышуусунда ашар жолу менен түшүрүп алышкан.

Цемент түшүрүлүп бүткөндөн кийин Г.Х.нын тапшырмасы боюнча Н.Ф. ашарга келген Тескей бөлүмүнүн жашоочуларына цемент Жогорку Кеңешине бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округунан депутаттыка талапкер тарабынан айылдын жолун оңдоо үчүн жиберилгендигин айтып, №2 катарда турган талапкерди колдоп добуш берип коюуну үгүттөгөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Г.Х. менен Н.Ф. күнөөсү далилденгендиктен талапкердин Жаңы-Ноокат айыл аймагы боюнча штаб башчысы Г.Х. Жазык-кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү, 192-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты, ал эми шайлоо участкасынын төрагасы Н.Ф. Жазык-кодексинин 43-беренесинин 1-бөлүгүндө, 192-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жана Жоруктар жөнүндө кодексинин 87-1-беренесинин 2- бөлүгүндө каралган жорукту жасагандыгы боюнча шектенүү катары кабарлама берилген.

Сотко чейинки өндүрүштүн тергөөсү аяктап, айыптоо актысы түзүлүп, соттук кароого жөнөтүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн