Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:18
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ноокаттын окуучулары облустук интеллектуалдык онлайн сынакта 1-орунду алды

26.04.2020 16:14
2715
Ноокаттын окуучулары облустук интеллектуалдык онлайн сынакта 1-орунду алды


Ноокат районундагы окуучулар учурдагы түзүлгөн өзгөчө абалда да тапкычтыгы жана жаратмандыгы менен облустук онлайн сынакта биринчи орунду ээлешти. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Зайнабидин Мамасадыков билдирди.


Анын маалыматы боюнча, 2020-жыл “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында жыл сайын салтка айланган “Биз ХХI кылымдын интеллектуалдарыбыз” кароо-сынагынын облустук туру бул жылы өлкөдөгү абалга байланыштуу онлайн түрүндө өткөрүлдү.


Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору Эркин Эргешовдун айтымында, райондон тандалып алынга райондук балдардын чыгармачылык борборунун ийримдеринде билим алып жаткан 7 окуучу облустук турга катышышты. Окуучулар өздөрүнүн теориялык алган билимдерин практика жүзүндө көрсөтө алышты. Анткени, алар жыл ичинде алган билимдерин ийримдеги сабактары аркылуу чоң ийгиликтерди багындырат.


Жыйынтыгында Калыев Баяман - Парпиев гимназиясынын 9-классынын окуучусу “Жер титирөөнү эскертүүчү аппарат” экспонаты менен  1-орунду, Нарматов Эрланбек - Парпиев гимназиясынын 9-классынын окуучусу “Акылдуу розетка” менен 2-орунду, Темирбаев Мирсал - Т.Айбашев атындагы орто мектебинин 7- классынын окуучусу “Кар көчкүдөн коргонуу” модели менен 2-орунду, Гапыржанов Мухаммед - А.Мамыров атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу “Моторлуу велосипед” менен 3-орунду, Алымов Бекзат - М.Нурматов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу “Инверсиондук стол” менен 3-орунду жана башка окуучулар түрдүү номинациялар боюнча сынактын республикалык туруна жолдомо алышты.     


“Техникалык чыгармачылык” багытындагы ийрим окуучулары “Биз ХХI кылымдын интеллектуалдарыбыз” кароо-сынагынын райондук туру да онлайн түрдө өттү. Ага жалпысынан райондун аймактык турунан 176 окуучу катышкан болсо, алардын ичинен калыстардын чечими менен 19 окуучу райондук турга тандалып алынып,  5 окуучу бүгүнкү облустук турга катышты. Катышуучулардын иштерин калыстар онлайн режимде карап, ар бири өз баасын жана пикирин билдришти.


Азыркы өлкөдү түзүлгөн кырдаал экономикалык жактан оор болгону менен, бул ата-эненин балдарынын талантына, чыгармачылыгына жакындан күбө болуусуна шарт түздү. Бул да болсо өлкөдөгү санариптештирүүнүн оң натыйжа берип жаткандыгы, деди өз сөзүндө Эркин Эргешов.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Рустамов Улукбек
А́замсы́н жееним онорун оркундой берсин
Каратаева Санавар
Бугунку оор кырдаалда ойлайн конкурс откорулуп биздин Ноокат районунун окуучулары областа биринчи орунду камсыз кылгандыгы бул эн жакшы жанылык.Бул да болсо биздин мугалимдердин.райондук билим беруу кызматкерлеринин чон эмгеги.Ошондой эле КРнын президенттинин Жарлыгынын аткарылып жаткандыгын билдирет.
Максатбек
Азаматсыңар балдар! Ноокат алга! Билиминер өркүндөй берсин!!!