Теке 29, 2025
Убакыт: 18:58
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.050
1.090

Ноокенде жаңы окуу жылына карата эки мектеп пайдаланууга берилет

29.07.2025 09:29
25
Ноокенде жаңы окуу жылына карата эки мектеп пайдаланууга берилет


Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Ноокен районунун Д. Садырбаев айыл аймагында ушул жылдын 31-августунда пайдаланууга берилүүчү эки мектептин курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.


Алгач өкүл Бирдик айылындагы №27 Бирдик орто мектебинин курулушу менен таанышты. Аталган мектеп 275 орунга ылайыкташтырылып, республикалык бюджеттен 73 млн сом бөлүнгөн. Учурда жумуштардын 95 пайызы аяктаган.


Мындан тышкары, Текебаев Арал айылындагы №43 Ак-Жол негизги мектебинин курулушун да көрүп чыкты. Билим берүү мекемеси 150 орунга ылайыкташтырылып, курулуш иштери соңуна чыгуу алдында турат.


Облус башчысы курулуш иштерин сапаттуу аткарып, белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү жана бардык курулуш эрежелерин так сактоону тапшырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн