Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:56
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Норманы сактабаган өкмөт мүчөлөрү 3 миң сомдук айыпты бүгүн төлөшөт

22.06.2020 10:55
1318
Норманы сактабаган өкмөт мүчөлөрү 3 миң сомдук айыпты бүгүн төлөшөт


Бүгүн, 22-июнда өкмөт мүчөлөрү жана аппараттын айрым кызматкерлери Кубатбек Бороновго премьер-министр кызматынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү иш-чарасы учурунда санитардык нормалардын сакталбаганы үчүн салынган айып пулду төлөшөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

Алардын маалыматы боюнча, Санэпидкөзөмөл борбору айып төлөө боюнча буйрукту 19-июнда берген. Ага ылайык 28 өкмөт мүчөсү 3 миң сомдон айып төлөшөт. Алардын ичинде премьер-министр, вице-премьер-министрлер, жардамчылары жана бөлүм башчылары бар.

Эске салсак, бир топ жарандар социалдык тармактар аркылуу мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди узатып жатканда бет кап тагынбай, аралыкты сактабай сүрөткө түшкөңдөрү боюнча сын пикирлерди айтышкан болчу. Мындан улам аларга айып салынганы, өкмөт башчы бул айып пулдарды төлөй тургандыктарын билдирген эле.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн