Ноябрда кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, 6-7-8- жана 9-ноябрь эс алуу күндөрү болот.
"7-ноябрь жекшемби күнүнө туш келгендиктен, мыйзамга ылайык, кийинки иш күнү эс алуу күнүнө айланат", - деп билдиришти департаменттен.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 7 жана 8 -ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары белгиленген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн