Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 21:44
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

“Нур Отан” партиясы парламенттик шайлоого катуу камылга көрүп жатат

04.06.2020 16:35
856
“Нур Отан” партиясы парламенттик шайлоого катуу камылга көрүп жатат

 

Казакстанда бийлик партиясы кезектеги парламенттик шайлоого кылдат камылга көрө баштаганы айкын болуп калды.

Дегенибиз 2-июнда өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев “Нур Отан” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Бауржан Байбек менен жолугушту. Б.Байбек жылдын экинчи жарымында праймериз өткөрүүгө даярдыктар жүрүп жаткандыгын маалымдады, бирок шайлоонун качан болору белгисиз бойдон калууда деп айтылат kz.expert жазган маалыматта.

Өлкөнүн “Шайлоолор жөнүндө” мыйзамынын 85-беренесине (“Мажлис депутаттарын шайлоону дайындоо”) ылайык, шайлоолорду өткөрүүгө Мажилис депутаттарынын укуктарынын конституциялык мөөнөтүнүн аякташы же Парламенттин же Парламент Мажилисинин укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу, башкача айтканда таркатылышы негиз болот. Казакстанда акыркы парламенттик шайлоолор 2016-жылдын 20-мартында өткөн. Парламент Мажилисинин депутаттарынын укук мөөнөтү 5 жыл, демек кийинки шайлоолор 10 айдан кийин, 2021-жылдын жазынан кечикпей өтүшү зарыл.

Тагыраак айтсак, шайлоолор мамлекет башчысы тарабынан 5 ай мурда дайындалат жана Мажилис депутаттарынын укук мөөнөттөрү аяктаардан 2 айдан аз эмес убакыт мурда өткөрүлөт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоолор парламенттин же парламент Мажилисинин укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу менен бир учурда дайындалат жана эки ай ичинде өткөрүлөт.

Бул Акордо менен Китепканага (алар кааласа же каалабаса дагы) 2021-жылдын 20-январынан кечиктирбей парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө же өзгөчө абалдын киргизилишине байланыштуу алардын мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чет мамлекеттердин көз алдында өлкө имиджи үчүн кооптуу өзгөчө татаал чечим кабыл алууга туура келээрин билдирет. Ошондуктан, биздин баамыбызда окуялардын акыркы өңүттө өнүгүүсү арсар.

Ал эми пландуу парламенттик шайлоолор жогоруда айтылгандай Мажилис депутаттарынын иштөө мөөнөтү аяктаганга чейин 5 ай мурда дайындала тургандыктан, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзүнүн тиешелүү чечимин 2020-жылдын 20-октябрынан кечиктирбестен жарыялашы керек. Тагыраак айтканда 5 айдан аз убакыттан кийин. Мындай цейтноттук жагдайда Акордо менен Китепканага тобокелдикке баруу ашыкча, демек мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өтпөйт. Арийне курч саясий муктаждык жаралса, Казакстанда бардыгын күтүүгө болот.

Ушундай акыл калчоолордон кийин төмөндөгүлөрдү зор ишеним менен божомолдоого болот:

• Казакстанда парламенттик шайлоолор мыйзамга ылайык пландалган мөөнөтүндө өтөт;

• Парламент Мажилисине кийинки шайлоолорду дайындоо жөнүндө КР президентинин чечими 2020-жылдын 20-октябрынан кечиктирилбестен жарыяланат;

парламенттик шайлоолорго учурда катталган гана саясий партиялар катышат.

Биздин инсайдерлердин маалыматы боюнча Казакстанда кезектеги парламенттик шайлоолорго даярдыктар эбактан бери эле жүрүп жатат. Ал турсун анын эң маанилүү этабы – “Нур Отан” партиясынын пайдасына “ыктыярдуу кошумчаларды” жыйноо аяктап калды.

Анткени, республикада ири жана орто бизнеске мамлекеттик бюджетке төлөнүүчү адаттагы салыктар менен жыйымдардан сырткары, бийлик партиясынын пайдасына (ачык эмес) салык салынат. Быйыл ири корпорациялар жана “Форбс” журналынын тизмесиндеги миллиондогон долларлуу абдан бай адамдар төлөөчү мындай жыйымдардын өлчөмү көбөйтүлдү.

Маалыматтар чачкын болгондуктан, канчага экендигин азыр айта албайбыз, ал эми алдыдагы шайлоолорго “кошумча” жыйнагандар менен мажбурланып жаткандардын ортосундагы соодалар оош-кыйыш ийгиликтер менен улантылууда. Бирок, жалпысынан алганда негизги жумуштар аяктап калды жана “Нур Отан” парламенттик, ошондой эле маслихаттык кийинки шайлоолорго эки эселенген дем менен катышат.

Ырас, алдыдагы шайлоо өнөктүктөрүнө жетекчилик кылуучу адамдарды бул саясий окуяларга катардагы шайлоочулар кандай мамиле кылат, казакстандыктар шайлоо участкаларына келишеби жана кандай добуш беришет? деген суроолор ойго салууда.

Жергиликтүү акиматтардын кызматкерлеринин катышуусунда бүткүл өлкө боюнча жарандык демилгечилерди, ошондой эле шайлоолордун жүрүшүндө каршылык көрсөтүүлөрдү уюштурушу мүмкүн болгон нааразыларды кысымга алуучу күч түзүмдөрүнүн активдүүлүгү да мына ушундай камтама ойлор менен түшүндүрүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн