11-майда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 8-кабатта 3 жаштагы кызды кулап кетүүдөн сактап калган жаранга белек берилди.
Маалым болгондой, Сабит Шонтакбаев жумушка бара жатып, ыйлап жаткан кыздын үнүн уккан. Кыз 8-кабаттын терезесинде асылып турган.
Ал эч ойлонбостон 7-кабатка чыгып, өзүнүн өмүрүн тобокелге салып, кызды куткарып калган.
Мындай баатырдыгы үчүн Сабит Шонтакбаевге борбордон 3 бөлмөлүү батир белек кылынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн