Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:29
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Нур-Султанда кыргыз-казак өкмөттөрү бир катар макулдашууларга жетишти

08.12.2021 15:43
521
Нур-Султанда кыргыз-казак өкмөттөрү бир катар макулдашууларга жетишти

Министрлер кабинетинин Нур-Султан шаарында өткөн жолугушуусунда казак өкмөтү менен бир катар макулдашууларга кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Нур-Султан шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапарынын жүрүшүндө орун алган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду: 


1. Кыргыз Республикасынын аймагында дүң-бөлүштүрүү борборлорун түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен Иш-чаралар планы («Жол картасы»); 


2. 2022-2024-жылдарга «Алматы-Бишкек» Экономикалык коридорунун референс лабораторияларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы;


3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү ортосундагы Борбор Азия регионунун коопсуздугун камсыздоого аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө келишим; 


4. «Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол өткөрүү пункттары аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн