Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Нурадил Баясов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директорунун орун басары болду

26.08.2020 09:19
512
Нурадил Баясов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директорунун орун басары болду


Нурадил Баясов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду, деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы. 


Ошондой эле Нурадил Баясовго агенттиктин директорунун милдетин убактылуу аткаруу жүктөлдү.


2020-жылдын 4-октябрына дайындалган парламенттин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 21-беренесине ылайык Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбектин кызматтык ыйгарым укуктары убактылуу токтотулган болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн