Кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу Нурбек Изабеков Айсулуу Тыныбекованын кийинки Олимпиада оюндарына катышары мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал Биринчи радиого берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, көпчүлүк спортчулар 30-38 жашта жогорку ийгиликтерге жетишкен.
"Быйылкы Олимпиада оюндарында 4-5 жолу Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды көрдүк. Алардын көпчүлүгү кийинки катышууларында жакшы ийгиликтерди багындырган.
Айсулуу азыр 28 жашта. Кийинки Олимпиадага катышып, алтын утат деген ниетибиз бар",- деди машыктыруучу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн