Нурбек Осмоновго таандык "Ихлас" курулуш компаниясы чек арадагы окуядан талкаланган 20 үйдүн курулушун баштады. Бул тууралуу Нурбек Осмоновдун бир тууганы депутат Айбек Осмонов Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
"Эр жигит куру сөз айтпайт, айтса сөзүнөн кайтпайт! Баткендеги үйлөрдүн куруу иштерин баштадык...
Эсиңиздерде болсо, бир жума мурун 20 үй куруп берүүнү убада кылдык эле. Мына ошол үйлөрдүн курулуш ишин бүгүн, алгач каргашалуу окуядан каза тапкандарга куран окуп, аксакалдардын ак батасы менен куруу ишин баштадык.
Турак үйлөрдүн капсула салуу аземине президенттин жана өкмөттүн Баткен областындагы өкүлдөрү жана «Каганат Инвест» холдингинин ( “Ихлас” курулуш компаниясынын) негиздөөчүсү Осмонов Нурбек Жапаровичтин катуушуусунда болуп өттү.
Башкы план боюнча, үйлөрдүн баары бир жерде ( Чет -Булак айылына ) жана бир түрдүү курулмакчы. Кудай буйруса, 2 айда курулуш иши бүтүп, жеринен ачкычтарын тапшырабыз деген ниеттебиз",- деп билдирди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн