Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 10:10
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Нурбек Осмоновго таандык «Кыргыз Текстил ЛТД» фабрикасынын 25 гектар жери мыйзамсыз алынганбы?

20.11.2020 14:40
546
Нурбек Осмоновго таандык «Кыргыз Текстил ЛТД» фабрикасынын 25 гектар жери мыйзамсыз алынганбы?

Ошто белгилүү ишкер Нурбек Осмоновдун " Кыргыз Тесктил ЛТД" жоопкерчилиги чектелген фабрикасынын 25 гектар жери мыйзамсыз сатылып алынган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, бул аракет 2020-жылдын 4-сентябрында Ош шаарынын вице-мэринин №233 токтому менен ишке ашкан. Муниципалдык 25 гектар жер аянты 2 млн. 500 миң сомго бааланып, түз сатуу жолу менен аталган фирманын менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөн.

Ош шаардык прокуратурасынын жүргүзгөн текшерүүсүндө жогоруда белгиленген жер аянтынын нарктык базар баасы 72 млн. сомду түзөрү аныкталып, айырмасы 69 млн. 500 миң сомго аз көрсөтүлгөн.


Мындан сырткары, бүгүнкү күнгө чейин Ош шаардык мэриясынын бюджетине түз сатып алууда көрсөтүлгөн 2 млн. 500 миң сом төлөнбөстөн туруп, мамлекеттик акты берилгендиги тастыкталган.

Натыйжада, Ош шаардык мэриясынын жоопту кызматкерлери тарабынан мамлекетке өзгөчө ири суммадагы зыян келтирилген.

Бул кылмыш иши боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. 


«Кыргыз текстил ЛТД» ишканасына ишкер Нурбек Осмонов ээлик кылат. Кең-Сайга түшүп жаткан текстил фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен быйыл 9-сентябрда, ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов таанышкан эле. Ишканага 38 млн. доллар инвестиция салынганы, ал толук иштеп баштаса 7 миңдей адамды жумуш менен камсыз кылары маалымдалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн