Бүгүн, 9-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен өлкөнүн башкы санитардык дарыгери, саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп Нурболот Үсөнбаев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, жаңы орун басар 1962-жылы 23-апрелде Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун "санитардык дарыгер" кесибин аяктаган.
Эске салсак, буга чейин, 8-апрель күнү, министрдин орун басары Төлө Исаков өз каалоосу менен кеткен болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн