Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:43
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Төлө Исаков Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлыгынан бошотулду

09.04.2020 13:26
1050
Төлө Исаков Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлыгынан бошотулду



Төлө Исаков Саламаттык сактоо министринин орун басары жана өлкөнүн башкы санитардык дарыгери кызматынан бошотулганын өзү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине кабарлаган.


Ал кызматынан ден-соолугунан улам кеткендигин билдирген. 


“Кечинде арыз жаздым жана ага премьер-министр кол койду. Келечекте мага сунуштаган кандай орун болсо да иштегенге жана тажрыйбам менен бөлүшкөнгө даярмын”, - деген Исаков.


Буга чейин Исаков саламаттыгына байланыштуу ооруканада жатканы айтылган.


Эске салсак, Төлө Исаков 2020-жылдын 29-январында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалган болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн