Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жумушчу сапары менен Талас облусуна барды.
Ведомстводон маалымдашкандай, министр жумушчу сапарынын алкагында социалдык объекттердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Ал Айтматов районунун Чымкент айылындагы 140 орундуу бала бакчанын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, сапатын көзөмөлдөдү. Ишти күчөтүү максатында "Ника КГ" ЖЧКсына 15 күндүн ичинде жумушчулардын санын көбөйтүү тапшырмасы коюлду.
Белгилей кетсек, объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин бөлүнгөн каражаттын эсебинен башталган. Эки кабаттан турган, заманбап талаптарга жооп берген бала бакчанын жалпы аянты 667 чарчы метрди түзөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн