Бугу 20, 2024
Убакыт: 19:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Нургүл Бакирова аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жаңы жылга карата жардам көрсөттү

27.12.2021 09:33
600
Нургүл Бакирова аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жаңы жылга карата жардам көрсөттү

27-декабрда Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кеңеш айылына барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, төрайымды Ысык-Ата районунун акими Нуралы Курмантаев жана Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Керимкуловдор коштоп жүрүштү.


Нургүл Бакирова аталган айылдын аз камсыз болгон эки үй-бүлөнүн балдарына жаңы жыл алдында атайын куттуктап белектерди тапшырды.


Алгач, Кеңеш айылынын жалгыз бой эне С.А. аттуу тургунунун беш баласына белектерди жана азык-түлүктөрдү тапшырып,аталган үй-бүлөгө акчалай дагы жардам көрсөттү. Андан соң, ушул эле айылдын тургуну, жети баланын энеси А.А.нын үйүнө барып кабар алып, балдарга майрам алдында белектерди тапшырды. Бул үй-бүлөгө дагы азык-түлүк жана акчалай жардам берди.


Бакирова жыл сайын жаңы жыл алдында ата-энеси жок, жарым жартылай жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн абалын сурап, кабар алып тураарын билдирди.


"Жаңы жыл майрамын балдар өзгөчө аруу тилек менен күтөт, аларга майрамдык маанай тартуулап, ар дайым көңүлдөрүн көтөрүп туруу керек", - деди ал.


Төрайым балдарга жана аларды тарбиялап жаткан ата-энелерине чын ден-соолук, окууларына ийгиликтерди, жаңы жылда бардык ой-максат, тилектер ишке ашуусун каалады.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн