Нурлан Мамытов «Альфа Телеком» ЖАКтын директору болуп дайындалды.
«Кабар» агенттигине билдиришкендей, буга чейин компанияны жетектеп турган Азат Базаркуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин «Альфа Телеком» ЖАКтын жалгыз акционери болгон Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабыл алган. Ушул эле чечим менен Нурлан Мамытов «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору болуп дайындалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн