Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров баш болгон министрлер республикалык бюджет боюнча талкуу кылууда.
Жыйындын жүрүшүндө төрага Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жыйынга даярдыксыз келерин сынга алды.
"Акылбек Үсөнбекович, (ред. Жапаров) министрлер бул жерге келгенде даяр болуп келиши керек. Депутаттардын суроолоруна так жооп бере албай кагаздарды издеп жүрөт.
Келерден мурда даярданып келсин. Бул жерде убакытты кетирип жатат. Же болбосо планшет менен келсин. Секундда издеген маалыматын табат",- деди төрага.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн