Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 23:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Нурлан Сулайманов күнү-түнү тынбай иштечү

04.08.2021 17:04
820
Нурлан Сулайманов күнү-түнү тынбай иштечү


Мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов уктабай, күнү-түнү иштечү да. Аппарат дагы ошондой иштечү. Жолдун кайсы кычыгында кандай кемчилик бар экенин күнүнө көрүп турчу. Кайсы жерде эмне жетишпей жатса керектүү техниканы, алтургай республиканын бир бурчунан экинчи бурчуна алып келүүнү уюштура алчу. Көчкү жүргөн учурда техниканы Оштон Чычканга чейин алып келип, жолду ачкан учурлар болгон. Анан өзү дайыма машине менен жүрчү, учакка шашканда гана түшчү. Машине менен жолду кыдырып жүрүп отурчу. Ошого жараша чечим кабыл алчу. Кадрларга ошого жараша мамилеси бар болчу. Жакшы иштеген кадрларды дайыма өзүнө жакындатып, жакшы кызматтарга койчу. Иштеген ишине карап баа берип, кээ бирин ошол жерден дайындап кете берчү. Бул кишилердин иш тажрыйбасын сөзсүз колдонуш керек. Азыркы министр бул тармакка кийинчерээк келди. Ал Транспорт башкармалыгында иштеген. Кийин өкмөттө иштеп жүрдү. Ал Сулаймановдун деле кадры эмес. Кайынбаевдер (транспорт жана коммуникация министринин орун басары - ред.) мурун эле ошол жакта иштечү. Алар долбоорлорду, стратегияны жазган балдар болчу. Абдан билимдүү кадрлар. Ал учурда иштегендердин баары эле Сулаймановдун кадрлары болуп калат да. Кийинки министрлердин тушунда деле ошолор иштеген. Аларды эми Сулаймановдун кадрлары деп бөлүп караган бир аз ыңгайсызыраак. Сулаймановго карата кылмыш ишинин бир аз саясий жагы бар болуп калган.


Курманбек Рыспаев, журналист


Булак: Азаттык үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн