Тогуздун айы 11, 2024
Убакыт: 02:30
USD
85.35
85.85
EUR
92.80
93.80
RUB
0.870
0.915

Нурланбек Шакиев Душанбе шаарында Тажикстандын президенти менен жолукту

10.10.2024 23:01
21
Нурланбек Шакиев Душанбе шаарында Тажикстандын президенти менен жолукту


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Душанбе шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери, ошондой эле Иран жана Пакистан мамлекеттеринин парламенттеринин делегация башчылары да катышты.

Тараптар тарыхый байланышы терең элдердин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын чыңдоодогу парламенттердин ролу тууралуу сүйлөшүп, аталган багытта тыгыз иш алып баруу маселесин талкуулашты.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиев Душанбе шаарына Тажикстандын баш мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышуу үчүн барган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн