Бугу 17, 2024
Убакыт: 05:25
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Нурланбек Шакиев: Мамлекеттик желекти өзгөртүүгө кеткен чыгымдарды демөөрчүлөр көтөрөт

29.11.2023 14:21
344
Нурланбек Шакиев: Мамлекеттик желекти өзгөртүүгө кеткен чыгымдарды демөөрчүлөр көтөрөт


Кыргызстандын мамлекеттик желегин алмаштырууга кеткен чыгымды демөөрчүлөр көтөрөрүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин отурумунда айтты.


Депутат Тазабек Икрамов аны кайрадан жасап чыкканга канча акча кетерин жана паспорттун бланкаларына жаңы желекти кимдер даярдап, жасай турганын сурады.


Шакиев мамлекеттик бюджеттен бир тыйын кетпейт деген жообун айтты.


"Демөөрчүлөр бар. Биринчи этапта алар жардам кылат", — деди ал.


Анткен менен төрага бул өзгөртүүгө кеткен чыгымды кимдер мойнуна аларын так айткан жок.


Шакиев туунун соңку варианты президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен иштелип чыкканын кошумчалады.


"Мамлекеттик мекемелерде, Бириккен Улуттар Уюму баштаган эл аралык уюмдарда, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде илинип турган жалпы 150дөй туу алмаштырылат", – деди ал.


Тууну өзгөртүү демилгесин төрага Шакиев менен депутат Улан Примов демилгелеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн