Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого катыша алат. Бул тууралуу Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы журналисттерге билдирди.
"Нурсултан Назарбаев дагы анын кызы Дарига Назарбаева дагы мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого катыша алат.
Президент болууга коюлган шарттар табылган бардык жарандар талапкер боло алат",- деди.
1-сентябрда президент Касым-Жомарт Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү ниетин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн