Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев бардык артыкчылыктуу ыйгарым укуктарынан ажыратылды.
Казак басылмалары билдиргендей, 15-февралда президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон жарлыкка ылайык, "Казакстан Республикасынын туңгуч президенти - Элбашы" жөнүндө мыйзам күчүн жоготту деп табылды.
Буга чейин Казакстандын парламентинин эки палатасы тең Назарбаевди ыйгарым укуктарынан ажыратуу демилгесин колдоп, президентке жөнөткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн