Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 12:35
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы казакстандыктар аны колдой турганын билдирди

13.01.2022 11:50
1217
Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы казакстандыктар аны колдой турганын билдирди


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алия Назарбаева Казакстандагы окуяларга байланыштуу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.


Ал өз кайрылуусунда, казак элине тынчтык тилеп, көрсөткөн колдоолоруна ыраазычылык билдирди.


"Өлкөбүздө болуп жаткан каргашалуу окуяларга жүрөгүм ооруп турат. Бардык курман болгондордун жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтам. Баарыбыз үчүн бул катаал сабак тарыхыбыздагы акыркы жолу болгон болсун. Сиздердин  колдоо сөздөрүңүз үчүн да рахмат айтам. 

Ошондой эле, атама көрсөткөн колдоолоруңуздарга да ыраазычылык билдирем",- деп айтылат Назарбаеванын кайрылуусунда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн