Бештин айы 12, 2024
Убакыт: 05:41
USD
86.65
87.15
EUR
91.00
92.00
RUB
0.790
0.870

ОСАГО полиси жокторго айып пул салууну дагы жарым жылга жылдыруу каралууда

11.12.2024 15:24
33
ОСАГО полиси жокторго айып пул салууну дагы жарым жылга жылдыруу каралууда


Кыргызстанда автоунааны милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полиси жокторго айып пул салууну жарым жылга жылдыруу каралууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда ОСАГОну киргизүү беш жылдан бери ишке ашпай келе жатат.

"Жыл сайын бул маселе көтөрүлүп, кийинкиге калтыруу чечими кабыл алынгандан кийин ар кандай себептерден улам баары унутулуп калат. Бул маселе мамлекет тарабынан кайрадан көтөрүлгөндө гана эсибизге түшөт. ОСАГО - бул мамлекеттик мүлктү же башка нерсени эмес, айдоочулардын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу. Ал эми ОСАГОнун акчасы бюджетке түшпөстүгүн баарыбыз түшүнүшүбүз керек. Бул багытта камсыздандыруу компаниялары иш алып барат. Мында биринчи кезекте айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу каралат. Биз азыр айып пул салууну кийинкиге жылдыруу жөнүндө сүйлөшүп жатабыз, бирок полисти сатып алуу боюнча милдеттемелер ошол боюнча калат. Башкача айтканда, полисти январь же июнь айларында сатып алсаң да айырмасы жок, бирок айып пул салынбайт", - деди Амангелдиев.

Ошондой эле, министр турак жайларды камсыздандырууга да токтолду. Анын айтымында, үйдү камсыздандыруу тарифтери эң төмөн.

"Ошол себептен камсыздандыруу менен жеке адамдар эмес, мамлекет алектенет. Эгер кандайдыр бир кырсык катталса баары өкмөттү күнөөлөп башташат, бирок ар бирибиз өзүбүздү, мүлкүбүздү коргоо боюнча чараларды көрүшүбүз керек", - деди Амангелдиев. 

Мекеме башчысы 2025-жылдын ичинде республикадагы бардык авто унаалар милдеттүү камсыздандыруудан өтүп үлгүрөт деген ишеничин билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн