Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Октябрь Урмамбетов иш сапары менен Баткен облусуна барды

22.12.2021 13:05
424
Октябрь Урмамбетов иш сапары менен Баткен облусуна барды

Баткен облусуна Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов иш сапары менен келди. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


     Бүгүн, 21-декабрь күнү Жаңы жылдык майрамга карата Баткен облусундагы ИИОнун кызматкерлерине гарнизондук кароо болуп өттү. Гарнизондук кароого Кыргыз Республикасынын ИИМнин министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов катышып, ИИМдин Жаңы-жылдык майрамдарга карата коюлган тапшырмаларын жеткирди. Кызматкерлерди келе жаткан жаңы жылдык майрамы менен куттуктап, материалдык-техникалык базаны чыңдоо максатында техникаларды тапшырды.


Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов менен биргеликте кызматкерлердин кийген кышкы кийимдеринин абалын текшерип, майрам күндөрү жарандардын коопсуздугун сактоодо коомдук тартипти көзөмөлдөөдө ИИОнун кызматкерлери 28-декабрдан баштап жогорулатылган күжрмөн даярдыкта кызмат өтөөсү белгиленди.


     Мындан сырткары Кызыл-Кыя, Баткен, Сүлүктү шаардык , Кадамжай, Баткен, Лейлек райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери жана алардын орун басарлары Баткен ОИИБнын бөлүм башчыларына жыйналыш өткөрүп, бир катар тапшырмаларды койду. 


     Кыргыз Республикасынын ИИМнин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов коомдук тартипти көзөмөлдөөдө негизинен профилактикалык иштерге басым жасап, жаш өспүрүмдөр менен тыгыз иш алып баруу, жаш муундарды тарбиялоо өлкөнүн келечеги экенин белгилеп, “Милиция кызматкерлери күн сайын жаңыланып, жаңы туура кадам менен өлкөгө зор салым кошуш керек” деп айтып өттү.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн