Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 22:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Октябрь районунда таштандыны жеке компания чыгара баштады

16.02.2023 16:07
306
Октябрь районунда таштандыны жеке компания чыгара баштады

Бишкектин Октябрь районунда таштандыны жеке компания чыгара баштады. Бул тууралуу   Октябрь районунун акими Азамат Дороев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта таштандыны чыгаруу боюнча “Бишкек Втор Ресурс” компаниясы менен келишим түзүлгөн. Конкурска жалпысынан үч компания катышкан, бирок эки компанияда эки-үч гана унаасы болсо, “Бишкек Втор Ресурс” компаниясында 13 унаасы бар.

“Биз Бишкек мэриясы менен бирге таштандынын чыгарылбай калуу коркунучунан улам жеке компания менен иштөө чечимин чыгарганбыз. Районубузду мурда жеке компания тейлеп келсе, кийин алар өз ишин токтотуп, район “Тазалык” ишканасына кайтарылган. “Тазалыктын” техникалык жабдылышы начар болгондуктан муниципалдык ишканага кыйынчылык жаралат”, - деди Азамат Дороев.

Октябрь районунда таштандыны чыгарууга болгон тариф мурункудай эле бир адамга 41 сом төлөнөт. Ал эми пенсионерлерге 22,5 сом, чарбалык субъектилерге 1 куб үчүн 361 сомду түзөт. Жеке компанияга бюджеттен акча каражаты бөлүнбөйт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн