Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:44
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Октябрь районунун акими болуп Азамат Дороев дайындалды

28.07.2020 13:02
833
Октябрь районунун акими болуп Азамат Дороев дайындалды


Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп Азамат Дороев дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, тиешелүү жарлыкка шаар мэри Азиз Суракматов кол койду.

Азамат Дороев Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун жаңы маалыматтык технологиялар институтун 2011-жылы аяктаган. № 89 орто мектепте информатик мугалими болуп иштеген. Андан кийин бир топ муниципалдык кызматтарды аркалаган, аны менен катар борбордук акимиаттарда аппарат жетекчи болуп иштеген.

Эске салсак, Октябрь районунун мурдагы акими Максим Ситников ден соолугуна байланыштуу 2-июлда кызматтан кеткен болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн