Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Окумуштуулар кайсы топтогу кандын ээлерине коронавирус көп жугарын аныкташты

19.03.2020 15:52
1275
Окумуштуулар кайсы топтогу кандын ээлерине коронавирус көп жугарын аныкташты


Коронавирус илдети канынын группасы II-топтогу адамдарга көбүрөк коркунуч жаратат. Мындай пикирин кытайлык окумуштуулар билдирип чыгышты.


Окумуштуулар инфекцияны жуктурбаган 3694 кишинин анализин текшерип, анын натыйжасында канын группасы боюнча топторго бөлгөн. Ага ылайык,  канынын группасы I-топтогулар 33,84 пайыз, II — топтогулар  32,16 пайыз, III — топтогулар 24,90 пайыз, IV — 9,10 пайыз болгон.


Андан кийин илимпоздор Уханьдын Wuhan Jinyintan Hospital бейтапканасындагы 1 775 (206 өлгөн) адамдын тестин анализдеп корүшкөн. Жыйынтыгында каны II-топтогулар 37,75%.  I-топтогулар 25,80%, III — 26,42%,  IV — 10,03%. түзгөн,


Ушундай эле көрсөткүчтү Уханьдын Шэньчжэндеги ооруканасында жүргүзгөн изилдөө көрсөткөн.

 

Натыйжада каны II-топтогу адамдар илдетти жуктуруп алгандардын арасында көп кездешкен, мындан улам бул дарт башкаларга караганда коркунучтуурак экени айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн