Бугу 08, 2024
Убакыт: 07:02
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Билим берүү тармагын санариптештирүү иштери күчөтүлөт

19.08.2020 17:55
977
Билим берүү тармагын санариптештирүү иштери күчөтүлөт


Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кыргызстандын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Исмаилов Алтынбек Джапарович менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагында санариптешүү багытында комитет менен биргеликте жасалып жаткан иштер талкууланды.


Жаңы окуу жылга даярдык боюнча жасалып жаткан иштер, мектептердин интернетке туташтырылуусу боюнча бир топ маселелер чукул арада чечилүүсү керек экендиги айтылды.


Каныбек Исаков билим берүү тармагын санариптештирүү иштерин күчөтүү жана жасалып жаткан иштерди талкуулоо, көйгөйлөрдү аныктоо үчүн комитеттин төрагасы менен мындай жолугушууларды бир айда эки жолу өткөрүп турууну макулдашты.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн