Бугу 09, 2024
Убакыт: 23:47
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Олимп оюндары коронавируска байланыштуу өтпөй калышы мүмкүн

11.03.2020 10:01
1157
Олимп оюндары коронавируска  байланыштуу өтпөй калышы мүмкүн


 

XXXII-жайкы Олимпиада оюндары коронавируска байланыштуу быйыл өтпөй калса анда бир же эки жылга жылдырылуусу мүмкүн. Бул тууралуу Олимпиада оюндарын уюштуруу комитетинин өкүлү Харуюки Такахаси кабарлады.

 

Анын айтуусуна караганда Олимпиаданы өткөрбөй койсо же көрүүчүлөр жок өтсө чоң чыгымдарга учурайт.

 

“Мен оюнду токтотуп койсо болот деп ойлобойм, бирок жылдырып койсо болот. Эгер токтотуп койсо Эл аралык олимпиада комитеттинин абалы начар болуп калат”, - дейт Такахаси.

 

Азырынча ЭОК Японияда орун ала турган Олимпиада оюндарын жылдырууга же өткөрбөй  коюуну билдире элек. Мындай кадамдар спортчулардын даярдыгына зыянын тийгизбөө үчүн көрүлүп жатканын Харуюки Такахаси айкан.

 

Эске салсак, Грециянын Олимпиадалык комитети 2020-жылдагы олимп отун жагуу иш-чарасын коронавирус илдетин алдын алуу максатында күйөрмандары жок өткөрүнү чечкен. Отту жагуу аземи 12-мартта байыркы Олимпияда орун алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн