Учтун айы 16, 2025
Убакыт: 20:07
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.840
0.880

Олимпиада-2024: Бүгүн Денис Петрашов 200 метрлик жарышка чыгат

30.07.2024 09:49
420
Олимпиада-2024: Бүгүн Денис Петрашов 200 метрлик жарышка чыгат


Бүгүн, 30-июлда Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык суучул Денис Петрашов жарышка чыгат. 200 метрди суучул брасс ыкмасы менен сүзөт.

Жалпысынан мелдешке 25 спортчу катышат. Алар 4 топко бөлүндү. Петрашов үчүнчү жарышта күчүн сынайт.

Сууда сүзүү боюнча беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:51де башталат.

Денис Петрашов 27-июлда 100 метрлик жарышта 23-орунга жайгашып, жарым финалга чыга алган эмес. Бүгүн суучулдун медаль үчүн дагы бир мүмкүнчүлүгү бар.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн