Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 07:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Олимпиада-2024: Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты

04.08.2024 12:11
487
Олимпиада-2024: Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты


Париждеги жайкы ХХХIII Олимпиада оюндарында боксчу Мунарбек Сейитбек уулу атаандашын жеңип, жарым финалга чыкты.

Кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг салмак категориясында чейрек финалда АКШнын спортчусу Жамал Харви менен кез келип, аны утуп алды.

Эми Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалда күч сынашат. Медаль үчүн оюндар 8-августта башталат.

Буга чейин ал 1/8 финалда кубалык Сайдель Иван Орта Родригес менен беттеш өткөрүп, үч раунддун жыйынтыгы менен жеңишти камсыздаган.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтүүдө. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн