Бугу 13, 2024
Убакыт: 10:25
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Илдетти жуктурган 2392 бейтаптын 55 пайызы мамлекеттик кызматкер

01.07.2020 19:31
890
Илдетти жуктурган 2392 бейтаптын 55 пайызы мамлекеттик кызматкер


Бишкекте бүгүн, 1-июлга карата коронавирус боюнча лаборатордук тастыкталган учурлардын саны 2392 адамды түздү, алардын ичинен 100 учур Россиядан кайтып келген аскер кызматкерлеринин арасынан чыккан. Бул тууралуу борбор шаардын мэри Азиз Суракматов билдирди.

 

Акыркы 10 күндүн ичинде күн сайын ооруну жуктуруп алгандар көбөйүүдө, эгерде 22-июнда 82 бейтап болсо, 1-июлга карата күнүнө 195 учурду түздү. 21 адам каза тапты, өлүм учурларынын кескин өсүшү соңку жумада байкалууда. 3706 адам байланышта болгондор катары медициналык көзөмөлдө турат”, - деди мэр.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата Ленин жана Октябрь райондору эң эле эпидемиологиялык жагымсыз абалда турат.

Мында 2 392 учурдун ичинен 55%ынан көбүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер түзүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн