Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:33
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Оозуңардан жакшы сөз чыкпаса, унчукпай отурсаңар боло!

29.04.2021 20:36
915
Оозуңардан жакшы сөз чыкпаса, унчукпай отурсаңар боло!


Бир нерсе жазса эле негатив жазып, жалганды чындай бурмалап, оор кырдаалды да өз кызыкчылыктарына пайдаланып көнгөндөр, үчүнчү күчтөр, оозуңардан жакшы сөз чыкпаса, калемиңерден позитив жазылбаса, жок дегенде ушундай оор кырдаалда жаман нерселерди жазбай, унчукпай  сабыр кылып турсаңар боло!  Ушундан да саясат жасап, «отко май чачып», моокумуңар кана табалаган постторду жазганыңарга  жол болсун! Силер мындай аракетиңер менен тажиктерден айырмаңар жок экенин көрсөтүп жатасыңар! Алар сырттан кол салып, бүлүк салгысы келишсе, силер ичтен бүлүк салып жатасыңар! 


Бүгүнкү кырдаал тажик тараптын Ташиев баштаган кыргыз тараптын чек ара маселесиндеги  позициясына  макул эместиги!  Алар муну  ва-банктык кадамга  баруу менен билдиришти.  Бизге ок чыгаруу менен кыргыз бийлигинин шаштысын, айласын кетирүүнү көздөп жатышат. Ошону менен бирге  өлкөбүздүн аскердик дараметин, ички ынтымагын  да байкашууда. 


Акылыбызга, эсибизге келели.  Туура эмес, чагымчыл маалыматтарды таркатуу менен кырдаалды курчутууга «салым» кошпойлу! Тажик тараптын көксөгөнү -  кыргыз элин аскердик кагылышууга  тартуу. Алардын чырагына май тамызбайлы!  Бийликти биримдик менен  колдоого алып, кырдаалды  турукташтырууга   мүмкүнчүлүк берели. Колубуздан келишинче жардамдашалы. Азыр элге ошол гана керек!


Мирлан Дүйшенбаев, журналист 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Туура.Еенбаш ел болдук