Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 11:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

"Ала-Тоо" аянтындагы митингге дагы 4 партиянын тарапташтары кошулду

05.10.2020 15:02
1445
"Ала-Тоо" аянтындагы митингге дагы 4 партиянын тарапташтары кошулду

Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарындагы А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жанында «Ата Мекен», «Республика», «Замандаш» жана «Бир Бол» партиясынын өкүлдөрү жана митингге чыгышты. 


Алар шайлоо парламенттик шайлоонун жыйынтыгы мыйзамсыз экенин билдиришип, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Митингде "Шайлоо жокко чыксын!", "Бандиттин жана коррупционердин орду түрмөдө!", "Күрөш башталды!" деген ураандар айтылууда. 


Митингге «Бир Бол» партиясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчоров жана партиянын мүчөсү Руслан Казакбаев, «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Жанар Акаев келишти. 


Чогулгандар борбордук "Ала-Тоо" аянтына бет алышып, ал жакта өтүп жаткан митингчилерге кошулушту. Борбордук аянтта "Социал Демократтар", "Мекенчил", "Мекен Ынтымагы", ""Чоң Казат" саясий партияларынын тарапташтары дагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митинг, өткөрүп жатышат.  Болжол менен борбордук аянтта 2 миңдей адам чогулду. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн