Бүгүн, 7-майда Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында Казак-Россия чек арасынан өтө албай калган жарандардын 541и мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, келген жарандар бекитилген медициналык процедуралардан өтүп, обсервацияга жайгаштырылат.
Эске салсак, Соль-Илецк шаарында дагы 70 жаран автоунаалары менен Казакстандын чек арасынын ачылышын күтүп калышканы айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн