Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ормон хан, Чолпонбай, Айтматов. Кыргызстанда район жана айылдардын аталышы өзгөрөт

22.02.2023 11:57
400
Ормон хан, Чолпонбай, Айтматов. Кыргызстанда район жана айылдардын аталышы өзгөрөт

Бүгүн, 22-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.


Алсак, аталган мыйзам долбоору аркылуу Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон хан айыл аймагы, Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылын Кайрагач айылы, Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чимгент айылын Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылы жана Талас облусунун Кара-Буура районун Айтматов району деп кайра атоо сунушталууда.


Андан тышкары, жыйында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору да үчүнчү окууда талкууланды


Эскерте кетсек, сунушталган долбоор “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү”, “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүүгө багытталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн