Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:55
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды

16.12.2023 10:30
315
Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды


Сокулук районунун Селекционное айылынын тургундарынын жер тилкелерин мыйзамдаштыруу максатында системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Бул факты катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.


Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Орок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан пара талап кылуу фактысы тастыкталды.


Облустук милициядан билдиришкендей, Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары 1993-жылы туулган О.Н., башка адамдар менен кылмыштуу топ түзүшүп, оң жагына чечип берүү үчүн жарандардан 300 миң сом талап кылып, акча талап кылуу жана өндүрүп алуу боюнча туруктуу схема түзүшкөн.


15-декабрда Чүй облусунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын унаа токтотуучу жайында К.Ж. аттуу жаран жарым-жартылай жана алгачкы 71 миң сом акча каражаты өткөрүп берүү учурунда Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары О.Н. кармалган. Андан да алардын кылмыштуу схемасынын айыптоочу документтери табылып, алынган.


Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн