Бишкек шаардык соту 16-ноябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованы 26-декабрга чейин №1 тергөө абагында калтырууну чечти.
Белгилей кетсек, Нарматова жана активист Илгиз Шаменов "Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярданууга" шектелип, 27-октябрда Москвада кармалган.
Буга чейин шаардык сот бул иштин алкагында кармалган “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” 24 мүчөсүн камакта калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн