28-декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү Бишкек шаардык сотунда каралды.
Маалым болгондой, шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.
Сот залында айыпталуучу Нарматова 14 күндүк ачкачылык жарыялагандан ачкачылык кармоону токтотконун билдирди.
Эскерте кетсек, 27-декабрда Орозайым Нарматова шаардык соттун сот залында эсин жоготуп, кулап калган.
Пикирлер (1)