Аяк оона 14, 2025
Убакыт: 04:05
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.035
1.070

Орозайым Нарматова дагы эки ай абакта болот

10.12.2022 08:56
533
Орозайым Нарматова дагы эки ай абакта болот

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бүгүн 9-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, абак мөөнөтүн 20-февралга чейин узартты.


Нарматовага 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) менен дагы бир айып тагылганы да белгилүү болду.


Нарматова Кемпир-Абад ишине байланыштуу "жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен Москвада кармалып, 27-октябрда Бишкекке жеткирилген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн