Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Орозайым Нарматова жеке диагностикалык борборго жеткирилди

20.12.2022 14:33
252
Орозайым Нарматова жеке диагностикалык борборго жеткирилди



Кемпир-Абад ишине бйланыштуу кармалган, ачкачылык кармап жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова Бишкектеги жеке диагностикалык борборлордун бирине жеткирилди. Бул тууралуу анын адвокаты Гуляна Убалиева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Нарматова бүгүн эртең менен эси ооп кулап калган жана абалы туруктуу эмес.


"Түшкө чейин Нарматованын жүрөгү текшерилет, анын жүрөгүнүн согушу тездеп, энтигип жатат. Эртең менен анын эси ооп жыгылып калган. Анын гемоглабини да азайып кеткен",-деди адвокат.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн