Бир айдан ашык убакыттан кийин Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Партиялар съезддерин өткөрүшүп, талапкерлерин коомчулукка жарыялашты. Коомчулук партиялар менен алардын талапкерлерин кызуу талкууга алып, кайсы партияга добуштарын берүүнү ойлонушууда. Эксперттер да бул окуяларга көз салып, өздөрүнүн пикирлери менен бөлүшүүдө.
«Шайлоо жакындаган сайын депутаттыкка талапкерлер кыйла активдешип, бир партиядан экинчисине өтүшүп, ыңгайлуу позицияны ээлегенге аракет кылышууда», - дейт алдыдагы шайлоо тууралуу пикирин билдирген саясат таануучу, коомдук ишмер Орозбек Молдалиев.
Саясий серепчинин белгилөөсүндө, көпчүлүк шайлоочуларды партиянын курамы гана кызыктырууда. Эгерде бирлери өздөрүнүн фавориттерин партиянын тизмесинен таап, добуш берүүнү ойлонуп коюшса, экинчилери жердешчилик, тууганчылык деген принциптерди карманып, жакындарына добуштарын берүү ниеттеринде турушат.
«Бул өңүттөн алганда, жаңы Конституциянын оң ролун белгилеп кетким келет, ага ылайык, партиялардагы квоталар бардык аймактар боюнча бөлүнгөн. Ошол себептен көпчүлүктүн колдоосуна ээ болуу үчүн партиялар өлкөнүн бардык облусунан абройлуу, салмактуу талапкерлерди өздөрүнө тартышы керек. Мен партияда жалаң жаңылар жана жаштар болушу керек дегенге кошулбайм. Менин ишенимимде, партиялар качан курамында кесипкөй, күчтүү, принципиалдуу жана чынчыл адамдар болгондо гана күчтүү жана салмактуу болот. Партиянын башкы көзгө басары анын идеологиясы болушу абзел. Ал жөнөкөй жана түшүнүктүү болуп, ошол эле мезгилде чоң маани мазмунду өзүнө камтышы керек», - дейт саясат таануучу.
Молдалиев иделдардын, принцип жана доктриналардын топтому тарыхый тажрыйбадан келип чыгып түзүлүшү керек деп эсептейт.
«Биз басып өткөн жолубузду, өткөн тарыхыбызды туура чечмелешибиз керек. Элдердин тарыхый-маданий мурастарына болгон урмат сый, кылымдардан бери келаткан улутук баалуулуктар менен биримдиктин идеалдардын, этностордун өз алдынчалыктары, маданияттар аралык диалогдун жана толеранттуулуктун сакталышы мамлекеттин өнүгүүсүндө негизги ролду ойношу кажет», - дейт эксперт.
Ошондой эле саясат таануучунун айтымында, кыргыз тилинин бириктирүүчү
ролун белгилөө зарыл. Анын пикиринде мамлекеттик тил коомду консолидациялоонун негизин түзүшү керек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн