(Хадис)
Мээримдүү, ырайымдуу Аллахтын намы менен баштаймын. Анын сүйүктүү пайгамбары Мухаммад саллаллоху алейхи васалламга чексиз саламдар жана салаваттар болсун!
Ыйык Куранда орозо кармоо бейтаптар үчүн тыюу салынган. “Силерден ким ооруп калса, анда ал күндөрдүн ордуна башка күндөрдө толуктап берет” (2-184). “Аллах силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт” (2-185). Ошондуктан бул күндөрдө бирөө ооруп калса (оорунун курч (острый) формасы, инфаркт, инсульт, гипертониялык криз, инфекциялык оорулар, операция ж.б.) орозосун токтотуп, дарыланганы дурус. Оорулуу адамдардын кыйналып орозо кармоосу өздөрүнүн абалын гана коркунучка салбай, андан тышкары, алардын күнөөгɵ батуусу Ыйык Куранда, пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллоху алейхи васаллам) хадистеринде, ислам окумуштуулары тарабынан айтылып келген. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллоху алейхи васаллам) айткан: “Чындыгында мээримдүү Аллах анын жеңилдиктерин кабыл кылган пендесин сүйөт, анын тыюу салган нерселерин жасаган пендесин жек көрөт”.
Ал эми оорунун өнөкөт (хронический) формасы менен ооруп жүргөн бейтаптар орозо кармоону ниет кылган болсо, анда алар өздөрүнүн дайыма дарыланып жүргөн врачтарынан керектүү кеңештерди алышсын жана ичип жаткан дары-дармектерди убактысын, дозасын дагы тактап алышсын.
Жылдан жылга медицинанын алдыга өнүгүүсү, андагы миңдеген жаӊы жабдуулардын, түрдүү методдордун, ийне-таблеткалардын пайда болуп жатканына күбɵ болуудабыз. Ошону менен бирге, тилекке каршы, оорулардын саны жана түрү да кескин көбөйүүдө. Статистикага таянсак, бүткүл дүйнө боюнча бир жылда жүрөк кан тамыр оорусунан 18 миллион адам каза болот. Дагы канчалаган ишке жарамдуу адамдар майып болуп калууда. Ошондуктан орозо кармоо менен бирге бир айдын ичинде дары-дармексиз эле көптөгөн дарттан айыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнө күбө болуудабыз. Дүйнөлүк окумуштуулардын орозо боюнча миңдеген изилдөөлөрү орозонун ден соолукка тийгизген терс таасирин далилдеген жок. Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллоху алейхи васаллам) “Орозо кармагыла, айыгасыңар” деп калтырган хадиси бизге бүгүнкү күндө альтернативдүү жана акысыз дарылануунун бир ыкмасы болуусуна шексиз ишенемин.
Орозо жөнүндөгү изилдөөлөрдөн кыскача маалыматтар:
- Организмге тамактардын убактылуу жетишсиздиги жана клеткалардагы тамактын азайышы алардын жашоосун узартууга өбөлгө түзүп, андагы клеткалардын ичиндеги аутофагия – жараксыз митохондриянын кайра жаңыланышына алып келет, эскирген клеткаларды болсо жаңы клеткалардын пайда болушуна курулуш материалы катары колдонулат. Бул функция биринчи болуп митохондрияга бай болгон жүрөктүн клеткаларында катталып, адамдын өмүрүн узартуугу зор шарт түзөт.
- Адам баласы ач калгандан 8 сааттан кийин гана кошумча тамакка муктаждыгы башталат. Эгерде ашказанга тамак кирбесе, анда биринчи болуп организм канттын запасы болгон глюкогенди пайдаланат. Анын запасы организмде аз болгондуктан кийинки пайдалануучу заттар: май, жаңы башталып келе жаткан ар түрдүү патологиялык клеткалар (киста, операциядан калган жара, спайкалар, рак, ж.б. ушул сыяктуу илдеттерди) организм энергия катары колдонот. Бул болсо органдарды жашарышына жана тазаланышына алып келет.
- Орозо убагында белоктук арыктоо (белковое голодание) болбойт. Себеби, организм өзүндөгү белокту 3-4 жума ачка жүргөн убакта гана пайдалана баштайт. Исламдагы орозонун өзгөчөлүгү – бул ооз ачкандан кийин этти ж.б. белокко бай болгон тамактарга эч кандай чектөө жок.
- Рамазан айдын келиши – бул организмдеги процесстерди толугу менен өз калыбына келтүрүүнүн убагына туура келет экен. Себеби “биоритм” – толук калыбына келишине тоскоол болгон бир чоӊ фактор тамак болуп эсептелет. Ошондуктан тамак сиңирүү функциясы убактылуу токтогон убакта организм өзүн-өзү тезирээк толук калыбына келтирип алат. Күндүзү организм ач калган убакта күндүн жарыктыгы организмдеги биоритмди машыктырат, ошону менен иммунитетти көтөрөт жана клеткаларды жашартууга да зор жардам берет.
- Ашказанга эртеден кечке чейин тамак кирбеген соң организм тамак сиңирүү функциясынын ордуна башка милдетти б.а. денедеги бүткүл жаман илдеттерди чыгаруу, тазалоо функциясын ишке салат. Орозодо ашказан, ичегилер толугу менен эс алат. Ашказандагы кислотанын азайышынын натыйжасында андагы жара (язва) ооруларынын пайда болуу ыктымалы да азаят, болгон жаранын тезинен айыгып кетүүсүнɵ да зор шарт түзүлɵт.
- Орозо убагында боордун тазалоо функциясы өсөт жана организмдеги уулардын чыгуусуна көмөк берет.
- Орозо кармаган 20-35 жаштагы аялдарда кандагы пролактин 80%га азайган. Ошондуктан окумуштуулар төрөгөн аялдарга орозону токтотуусун буюрган. Себеби, бул гормон энедеги сүттү иштеп чыгаруу фунциясына ээ. Ал эми бойго бүтпɵй жүргөн жаш аялдарга болсо организмдеги пролактиндин азайышы алардын балалуу болушуна зор мүмкүнчүлүк жаратат.
- Кош бойлуулук – бул медициналык ооруга кирбейт. Бирок пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллоху алейхи васаллам) “балалуу жана кош бойлуу аялдар орозо кармабасын, себеби Аллах жаш баланын же эненин ичиндеги наристени кыйналышын каалабайт” деген.
- Адамдын терисиндеги майда оорулар (кожные заболевания) орозо убагында организмдеги суюктуктун азайышынын натыйжасында айыгып кетүүсү жана ɵнɵкɵт тери оорулардын жакшы жакка ɵзгɵрүүсү да далилденген.
- Аллергия оорулары орозо кармаган убакта кескин түрдө азаят, себеби аллерголог дарыгерлер да өздөрүнүн бейтаптардагы ооруну айыктыруу үчүн биринчи кезекте эле аларга диетаны сунуштайт.
- Орозо өттөгү жана бөйрөктөгү таштардын пайда болуусун да кескин азайтат. Себеби, орозо кармоо сийдиктеги кальцийдин азайышына, натрий менен калийдин көбөйүшүнө жакшы шарт түзөт.
Кандай бейтаптарга орозо кармоо болбойт:
- - Инсулин алып жаткан, диабет менен ооруган оор абалдагы бейтаптар;
- - Кандагы канты тезинен түшүп же кескин кɵтɵрүлүп кетүүчү диабет оорулары;
- - Башка адамдын жардамына муктаж болгон оор абалдагы бейтаптар;
- - Жүрөк жетишсиздигине чалдыккан бейтаптар (сердечная недостаточность);
- - Инфаркт жана инсульт курч оорусуна чалдыккан оор абалдагы бейтаптар;
- - Оор абалдагы гипертония (кан басымы жогору болгон) оорулар;
- - Боор жана бɵйрɵк жетишсиздигине чалдыккан бейтаптар (гемодиализ);
- - Бардык өнөкөт оорулардын курчуу (обострения) убагы;
- - Бардык курч инфекциялык оорулар;
- - Психикалык оорулар;
- - Кош бойлуу жана балалуу аялдар;
- - Жашы улуу, өзүн-өзү камсыз кыла албагандар жана бойго жетпеген өспүрүмдөр.
Орозо убагында кара жумуш менен иштеген жарандар өргүү алып же болбосо жумуш күнүн кыскартканы дурус, машыктыруучу залдарды (футбол, волейбол, күрөш ж.б.,) убактылуу токтотуу да сунушталат. Орозо убагында мүмкүн болушунча тамактарды жөнөкөйлөтүүгө аракет кылуу керек. Тамак-аш канчалык аз болсо, организм үчүн да ошончо көп пайда болот. Кечке чейин ачка калган ашказанды ифтар убагында бир заматта толтуруп алуу да организмге терс таасирин тийгизип, ооруларды пайда кылат. Ифтарды суу жана 3 даана хурма (финик) менен ачкан медицина жактан дагы, пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) сүннөтү боюнча да сунушталат. Себеби окумуштуулардын айтуусу боюнча курманын курамында 60-65% тез сиңүүчү кант (фруктоза) бар. Фруктозанын кадимки канттан айырмасы – ал кандагы кантты тезинен кɵтɵрүп жибербейт жана ашказан, тамак сиңирүү системасын толугу менен иштей башташына шарт түзөт. Суу, айран, жаӊы жасалган компот жана көк чайды көбүрөөк ичүү сунушталат, себеби, суюктуктун суткалык нормасы дени сак адамдар үчүн 2-2,5 литрге чейин болуусу зарыл. Андан тышкары, жер-жемиш, салаттардан да ифтар убагында кɵбүрɵɵк колдонуӊуздар. Орозодо суткасына бир жолу жакшы тамактануу зарыл. Сухурга (саарлыкка) жумуртка, майсыз эттерди, балык, тооктун этин, түрдүү ботколорду (каша), буурчак, жаңгак, банан, сунушталат. Куурулган, майлуу жана туздуу тамактарды, ар түрдүү таттуу тамактарды (торт, шокалад, пироженое ж.б.), минералдык сууларды айрыкча сухурга колдонбоого аракет кылыңыздар.
Абдимиталип Халматов, медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы врач-кардиолог
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн