Чын курандын 13, 2025
Убакыт: 23:42
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Орто-Сай базарындагы дүкөндөн 78 миң сом уурдалган

14.02.2024 13:14
268
Орто-Сай базарындагы дүкөндөн 78 миң сом уурдалган


Уурулукка шектелген жаран кармалганын Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


2-февралда жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү белгисиз адамдар Орто-Сай базарындагы дүкөндөн 78 миң сом уурдап кетишкен.


Бул фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.


Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган У.А. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Милиция кармалган жарандын аракетинен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0707-57-55-97, 0755-13-33-67 же 102 номурларына кабарлап коюуну өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн